"Тумар КР" бий тобу дүйнөнү таң калтырууга киришти. Топ "Румыния таланттарды издейт" сынагынын жарым финалына чыкты

Бийчи Атай Өмүрзаков негиздеген "Тумар КР" тобу Бухарестте өткөн "Румыния таланттарды издейт" эл аралык шоу программага катышып, жарым финалга чыкты. Ийгилиги тууралуу топтун уюштуруучусу, жетекчилеринин бири Саламат Абдрахманов SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"Тумар КР" тобун сынактын уюштуруучулары өздөрү чакырып, буга чейин коюп жүргөн бийди аткарып берүүбүздү суранышты. Көрүүчүлөрдү тажатпайлы деп башка жаңы бий көрсөтөлү десек, болушкан жок. Андыктан формаларыбызды, гримди толугу менен жаңылап чыктык. Бийчи балдар сынакка күз айында барып, тартылып, жарым финалга өтүп келишкен. Ошол сынак кечээ гана эфирден берилди.

Негизи "Тумар КР" тобунун курамында көп балдар бар. Айрымдары учурда чет өлкөлөрдө келишим менен иштеп жүрүшөт. Биз бул жактан аларды даярдап, хореограф, режиссёр, уюштуруучулук милдетти алабыз. Бухарестте өткөн "Румыния таланттарды издейт" шоу программасында калыстар биздин жигиттердин өнөрүн жогору баалап, тандоо турунан жарым финалга өткөрүштү. Буюрса, жазында жарым финал өтөт. Азыр ошого кызуу даярдык көрүп жатабыз", - дейт Саламат Абдрахманов.

"Тумар КР" тобу "Румыния таланттарды издейт" сынагынын жарым финалына өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
iryi1
2020-02-29 18:08:51
Молодцы. Европа элин багындыргыла.
+2
aydinnur
2020-02-29 19:00:22
Азаматтар балдар,азаматтар,башка соз жок!!Мамлекетке догурунбай,оз арабанарды озунор тартып жургонунорго рахмат!Силердин курактагы коп балдар башка олкого таанылмак турсун,билсе-билбесе да саясатты"чагып,"диван баатыры"денгээлинен которуло албай журушот))
+3
Jelezo
2020-02-29 21:13:48
Азаматтар сөз жок
0
murat17
2020-02-29 21:31:33
соз жок молодцы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан