Ырчы Саниа: "Чыгармачылыгымды мындан ары Түркияда улантам"

"Жылаңач баатыр" долбоорунун катышуучусу ырчы Саниа мындан ары чыгармачылыгын Түркияда улантууну чечти. Келечектеги пландары тууралуу ырчы айым SUPER.KG порталына бөлүштү.

"Буюрса, мындан ары чыгармачылыгымды Түркиядан улантууну пландап жатам. Түрк тилинде жаңы "Сен үчүн" деген ыр жаздырдым, ага жакында клип тартабыз. Ошондой эле кино жаатында өзүмдү сынап келем. Буга чейин түркиялык тасмаларда экинчи пландагы ролду жаратсам, эми дагы бир жакшы жаңы сериалга тартылууга сунуш түштү. Азырынча сериалдын аталышы тактала элек. Анда мен чет өлкөдөн келген кыздын ролун жаратам. Андан сырткары мага учурда "Arte stüdyo menajerlik" аттуу түркиялык компания менеджерлик кылууда. Алардын студиясында актёрлук чеберчиликке окуп жатам, буюрса, окуум эки айда бүтөт", - дейт Саниа.

Эске салсак, буга чейин ырчы жолдошу менен ажырашып кеткендигин айткан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
arimaz89
2020-03-01 12:44:07
Жолуң болсун, ийгиликтер коштосун!
-1
zhaku2017
2020-03-01 12:55:24
Абдан сулуу айым экенсин. Кыргыздын кыздары ар дайым ушундай сулуу, жакшынакай болуп журо бергиле. Айымдардын сулуулугу анын кадыр-баркына да таасир берет. Кыздын чачы кыздын сулуулугуна корк берет.
-3
Pchelka85
2020-03-01 13:40:00
Бул кыз кыргызстанда эмне кылып кыйратып койду. Чыгармачылык... чыгармачылык эле дейт.. ким бул озу????
+5
Dani
2020-03-01 14:29:16
Баарын ойлонуштуруп койгон окшойсун ырчы кыз?!
+1
Pikir-add
2020-03-02 01:29:32
Ким бул өзү багы ачылбай тактыны эңсеп ТРга жөнөгөн!!!
Жакшы кыз эрден чыкпайт
Эрден чыксада элден чыкпай
Этеги жерден чыкпайт деген
Накыл кептер бул адам жөнүндө эмес көрүнөт
+2
boston___
2020-03-02 11:18:42
жыланач баатырдын катышуучусу))))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан