Бишкектин Ленин районундагы турак үйлөрдүн биринде газ баллон жарылып, 1 адам жаракат алды. Кырсык тууралуу маалымат 2-мартта саат 03:26да ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн.
"Аталган аймактагы Лагерный көчөсүндөгү турак үйдөн газ баллон жарылган. Жалпысынан үйдүн 40 чарчы метр болгон ашканасы күйгөн. Кырсыктын кесепетинен бир аял киши (үйдүн ээси) 2-3-даражадагы күйүк алып, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун күйүк бөлүмүнө жеткирилди. Өрттүн себеби такталууда", - деди ӨКМнын маалымат катчысы.