Айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында өкмөт тарабынан 1 миллиард 250 миллион сом көлөмүндө каражат карала турганы айтылды

Финансы министринин орун басары Улугбек Кармышаков 2020-жылга ата мекендик айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында, Өкмөт тарабынан 1 миллиард 250 миллион сом көлөмүндө каражат карала турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, баяндамачынын айтымында, 1 миллиард сом эки мамлекеттик банкка – РСК менен "Айыл Банкка" 500 миллион сомдон жеңилдетилген насыя катары бөлүнүп берилет. Ал 250 миллион сом субсидиялык каражат болуп саналат. "Ошону менен бирге эки мамлекеттик банк өз эсебинен 300 миллион сом кароого тийиш. Ал эми долбоордо каралган жалпы каражат – 6 миллиард 2 миллион сом", - деди Кармышаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан