Тыюу салынган "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды

Өлкөдө тыюу салынган "Хизбут-Тахрир" уюмунун мүчөлөрү кармалды. УКМКнын билдирүүсүнө ылайык, кармалгандардын экөө Кыргыз жараны, бирөө коңшу өлкөнүн жараны.

"24-февралда УКМК тарабынан жүргүзүлгөн диний-экстремисттик топтордун жашыруун иштерин токтотуу багытындагы иш-чаранын жүрүшүндө "Хизбут-Тахрир" уюмунун мүчөлөрү кармалды. Алардын жашаган жерин тинтүүдө диний адабияттар, аудио жана видео аппараттар табылып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү.

Кармалгандар Кыргыз өлкөсүнүн 1993-жылы туулган К.Э.М., 1995-жылы туулган О.у.Ш аттуу жарандары, ошондой эле коңшу мамлекеттин 1986-жылы туулган Ю.Р.О. аттуу жараны экендиги аныкталды.

Бул факт боюнча материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 313-берене (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) жана 315-берене (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhaku2017
2020-03-02 17:57:38
Ашкере исламчыл болбойлук. Пайда жок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан