Жарандык активист Төрөхан Жунусбеков Садыр Жапаровду колдоо митинги тууралуу: "Президент өзү чыкпаса да, анын өкүлдөрү чыгып мамлекет башчынын позициясын айтышы керек". КҮНСОБОЛ

1-мартта абактагы саясатчы Садыр Жапаров элди митингге чыкпоого чакырган. Кайрылууну Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов жарыялаган. Ага карабастан бүгүн, 2-мартта "Ала-Тоо" борбордук аянтында Садыр Жапаровду колдоо максатында анын тарапташтары митингге чыгышты. Президенттик аппарат Садыр Жапаровдун тарапташтарына үч күн ичинде жооп кайтара тургандарын билдиришкенин саясатчынын агасы Сабыр Жапаров белгиледи.

SUPER.KG порталы "Бүгүн Бишкекте Садыр Жапаровдун бошотулушун талап кылган митинг өтүп жатат. Бийлик көчөдө протесттик маанай күчөп кетпеши үчүн эмне кылышы керек?" деген собол салды.

Жарандык активист Төрөхан Жунусбеков азыркы учурда адамдардын ачуусу күчөп жатканын айтты. "Бардык облустардан ушунча адам атайын келсе, бийлик тарабынан эч ким чыккан жок. Ушундай мамиле болсо абал күчөп, чатакка айланып кетиши мүмкүн. Абалдын күчөп кетишин каалабайт элек. Дагы деле кеч эмес, элдин алдына чыгышсын. Күн батып кеткенден кийин ар кандай адамдарды эч ким башкара албай калышы ыктымал. Президент өзү чыкпаса, башка өкүлдөрү чыгып, мамлекет башчысынын позициясын айтып, элди тынчтандырышы зарыл", - дейт Жунусбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан