1-мартта абактагы саясатчы Садыр Жапаров элди митингге чыкпоого чакырган. Кайрылууну Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов жарыялаган. Ага карабастан бүгүн, 2-мартта "Ала-Тоо" борбордук аянтында Садыр Жапаровду колдоо максатында анын тарапташтары митингге чыгышты. Президенттик аппарат Садыр Жапаровдун тарапташтарына үч күн ичинде жооп кайтара тургандарын билдиришкенин саясатчынын агасы Сабыр Жапаров белгиледи.
SUPER.KG порталы "Бүгүн Бишкекте Садыр Жапаровдун бошотулушун талап кылган митинг өтүп жатат. Бийлик көчөдө протесттик маанай күчөп кетпеши үчүн эмне кылышы керек?" деген собол салды.
Саясий серепчи Алмаз Тажибай биринчиден тартипти, мыйзамды сакташ керектигин айтты.
"Укук коргоо органдары элдин коопсуздугун камсыз кылышы шарт. Демек аянттагыдай чагымчылдыкты жок кылуу зарыл. Азыр элдин бардыгы коопсуздук боюнча тынчсызданып жатышат. Укук коргоо органдарына ишеним бар. Мындан ары тынчтыкты сактап кетсе, ишеним дагы көтөрүлөт. Бүгүнкү митингдин катышуучуларынын артында ким турганын табыш керек. Садыр Жапаров өзү ырайым сурады. Ырайым сурагандар дүйнөлүк практикада күнөөсүн моюнга алган болот. Ырайым сурап жаткандан кийин ал саясий туткун эмес. Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Азимжан Аскаров ырайым сураган эмес, демек аларды саясий туткун деп айтса болот. Мындайча айтканда, Садыр Жапаровдун бошотулушун талап кылгандар кылмышкерди бошоткула дегендей болуп калат. Ал ырайым сурабашы керек болчу", - дейт Алмаз Тажибай.