Бүгүн митингде модераторлук кылган экс-депутат Каныбек Осмоналиев УКМКда сурак берип жатканы айтылууда

Экс-депутат Каныбек Осмоналиев УКМКда сурак берип жатканы айтылууда. Ал бүгүн митингде модератор болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жакындары билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, Каныбек Осмоналиевди митингден кайтып келген соң, саат 18:00 чамасында үйүнөн кармап кетишкен.

Экс-депутаттын өзү менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Ал эми УКМКнын басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктай элек.

Бүгүн, 2-мартта саат 19:00гө карата "Ала-Тоо" аянтындагы абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоп митингге келген катышуучуларына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери суу аткыч машиналарды, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, аянттан сүрүп чыгаруу үчүн кууп таратты.

Митингдин соңу: таш ыргытылып, көз ачыштырган каражаттар жардырылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан