КҮНСОБОЛ: Бүгүн Бишкекте Садыр Жапаровдун бошотулушун талап кылган митинг болуп өттү. Бийлик көчөдө протесттик маанай күчөп кетпеши үчүн эмне кылышы керек?

1-мартта абактагы саясатчы Садыр Жапаров элди митингге чыкпоого чакырган. Кайрылууну Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов жарыялаган. Ага карабастан бүгүн, 2-мартта "Ала-Тоо" борбордук аянтында Садыр Жапаровду колдоо максатында анын тарапташтары митингге чыгышты. Президенттик аппарат Садыр Жапаровдун тарапташтарына үч күн ичинде жооп кайтара тургандыгын билдиришкенин саясатчынын агасы Сабыр Жапаров белгиледи.

SUPER.KG порталы "Бүгүн Бишкекте Садыр Жапаровдун бошотулушун талап кылган митинг өтүп жатат. Бийлик көчөдө протесттик маанай күчөп кетпеши үчүн эмне кылышы керек?" деген собол салды.

ДҮЙШӨБАЕВ: "Бул маселе укуктук талаада мыйзамдын негизинде чечилиши керек"

Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев бул маселе укуктук талаада мыйзамдын негизинде чечилиши керектигин айтты.

"Мен дагы аянтта турам, эл көп, маанай начар. Ушуга жеткирбей мыйзамды колдонуп, компромисттик жолго келип бул маселени чечип койсо жакшы болмок. Элди көчөгө чыгарганын күтпөй эле бул маселени чечүү шарт болчу. Саясий туткундардын баары чыкты. Садыр Жапаров эле калды. Мыйзамдын чегинде тынчтыкты сактап, маселени чечип койсо туура болмок", - дейт Дүйшөбаев.

АСАНОВ: "Бийлик эл менен сүйлөшүшү керек"

Саясатчы Бектур Асанов бийлик эл менен сүйлөшүү жүргүзбөсө, бул жакшылыкка алып барбай турганын айтты.

"Кандай болгон күндө да бийлик эл менен сүйлөшүшү керек. Өзгөчө оппозициялык маанайдагы эл менен сүйлөшүүсү шарт. Сүйлөшүү жүргүзбөсө, бул жакшылыкка алып барбайт. Акаев, Бакиев, Атамбаев дагы эл менен сүйлөшпөй отуруп акыры эмне болду? Бийлик мындан сабак алышы керек", - дейт Асанов.

КАКЧЕКЕЕВ: "Элдин айласы кеткенде көчөгө чыгып пикирлерин айтышат"

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев элдин айласы кеткенде көчөгө чыгып пикирлерин айтыша турганын билдирди.

"Бийлик элге кулак салып, элдин айтканын аткарыш керек. Кыргыз элин зордуктан, зомбулуктан, каракчылыктан, кылмышкерликтен коргоо зарыл. Ошондуктан эл өзүнүн пикирин айласы кеткенде көчөдөн топтолуп айтып жатышат. Ички иштер министрлиги эгерде мыйзамсыз көчөгө чыккан эл болсо катуу чара көрүлөт деп жатышат. Бул туура эмес да. Конституцияда жазылып тургандай, ар бир жаран тынчтык митингге чыкканга укугу бар", - дейт Какчекеев.

ТАЖИБАЙ: "Бийлик көчөдө протесттик маанай күчөп кетпеши үчүн мыйзамды, тартипти сакташы керек"

Саясий серепчи Алмаз Тажибай биринчиден тартипти, мыйзамды сакташ керектигин айтты.

"Укук коргоо органдары элдин коопсуздугун камсыз кылышы шарт. Демек, аянттагыдай чагымчылдыкты жок кылуу зарыл. Азыр элдин бардыгы коопсуздук боюнча тынчсызданып жатышат. Укук коргоо органдарына ишеним бар. Мындан ары тынчтыкты сактап кетсе, ишеним дагы көтөрүлөт. Бүгүнкү митингдин катышуучуларынын артында ким турганын табыш керек. Садыр Жапаров өзү ырайым сурады. Ырайым сурагандар дүйнөлүк практикада күнөөсүн моюнга алган болот. Ырайым сурап жаткандан кийин ал саясий туткун эмес. Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Азимжан Аскаров ырайым сураган эмес, демек аларды саясий туткун деп айтса болот. Мындайча айтканда, Садыр Жапаровдун бошотулушун талап кылгандар кылмышкерди бошоткула дегендей болуп калат. Ал ырайым сурабашы керек болчу", - дейт Алмаз Тажибай.

ЖУНУСБЕКОВ: "Президент өзү чыкпаса да, анын өкүлдөрү чыгып мамлекет башчынын позициясын айтышы керек"

Жарандык активист Төрөхан Жунусбеков азыркы учурда адамдардын ачуусу күчөп жатканын айтты. "Бардык облустардан ушунча адам атайын келсе, бийлик тарабынан эч ким чыккан жок. Ушундай мамиле болсо абал күчөп, чатакка айланып кетиши мүмкүн. Абалдын күчөп кетишин каалабайт элек. Дагы деле кеч эмес, элдин алдына чыгышсын. Күн батып кеткенден кийин ар кандай адамдарды эч ким башкара албай калышы ыктымал. Президент өзү чыкпаса, башка өкүлдөрү чыгып, мамлекет башчысынын позициясын айтып, элди тынчтандырышы зарыл", - дейт Жунусбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан