Кечээ, 2-мартта "Ала-Тоо" аянтында абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митинги өттү. Митингдин катышуучуларына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери суу аткыч машиналарды, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, аянттан сүрүп чыгаруу үчүн кууп таратышкан. Мындан улам Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаада митинг өткөрүүгө тыюу салуу үчүн сотко кайрыла турган болду. Мэрия бул кадамын "Ала-Тоо" аянтында өткөн окуядан кийин жана коронавирус эпидемиясын алдын алуу үчүн жасалып жатканын билдирди.
SUPER. KG порталы "Бишкек мэриясы баш калаада митинг өткөрүлбөсүн деген өтүнүч менен сотко кайрылганы жатат. Бийлик жарандардын өз пикирин эркин билдирип чыгуу укугун чектөө менен кандай жыйынтыкка жетиши мүмкүн?" деген собол салды.
Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев сот өтүнүчтү кабыл алабы же жокпу белгисиз экенин айтты.
"Бишкек шаарында көптөгөн жумуштарды аткарууга бел байлап жатабыз. Быйыл 10го жакын сейил бактарды салабыз, жолдорго асфальт төшөлөт, жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдор оңдолот. Акыркы күндөрү митингдер көбөйүп жатат. Бизге ишкерлерден, шаардыктардан көптөгөн телефон чалуулар түшүүдө. Алар "качан митингдерди токтотосуңар?" деп жатышат. Баш мыйзамда ким кааласа келип, бизге билдирүү таштап мыйзам чегинде митинг өткөрө бере турганын айттык. Ысык-Көл, экотуризмдин сезону жакындоодо. Акыркы окуялардан кийин сотко кайрылып көрөлү деп чечтик. Өтүнүчтү сот кабыл алабы же жокпу бул дагы суроо. Бул биздин пикирибиз", - дейт Балбак Түлөбаев.