Кечээ, 2-мартта "Ала-Тоо" аянтында абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митинги өттү. Митингдин катышуучуларына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери суу аткыч машиналарды, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, аянттан сүрүп чыгаруу үчүн кууп таратышкан. Мындан улам Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаада митинг өткөрүүгө тыюу салуу үчүн сотко кайрыла турган болду. Мэрия бул кадамын "Ала-Тоо" аянтында өткөн окуядан кийин жана коронавирус эпидемиясын алдын алуу үчүн жасалып жатканын билдирди.
SUPER. KG порталы "Бишкек мэриясы баш калаада митинг өткөрүлбөсүн деген өтүнүч менен сотко кайрылганы жатат. Бийлик жарандардын өз пикирин эркин билдирип чыгуу укугун чектөө менен кандай жыйынтыкка жетиши мүмкүн?" деген собол салды.
Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев мэриянын өтүнүчү Баш мыйзамга карама-каршы келе турганын белгиледи.
"Биз демократиялык мамлекетпиз. Биздин Баш мыйзамда адам укугу боюнча 20га жакын берене каралган. Кыргыз өлкөсүнүн ар бир жараны бийликтин өкүлдөрүнөн уруксат сурабай эле чогулуп, жыйындарды өткөрүп, өздөрүнүн талаптарын, пикирлерин эркин билдиргенге Баш мыйзам жол берет. Бул Бишкек мэриясынын аракети Баш мыйзамга каршы келет. Тыюу салууну сот канааттандырып коюшу мүмкүн. Бирок мындай чектөө менен бийлик эч кандай максатка жетпейт. Убагында Акаев, Бакиев ушундай мыйзам менен митинг өткөргөнгө тыюу салган. Бирок жыйынтыгы эмне болгонун билесиздер. Чектөө киргизүү бийликке кадыр-барк алып келбейт", - дейт Келдибаев.