Тергөө абагында жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков: "Жабык сот эмнени жашырат?"

Тергөө абагында отурган Равшан Жээнбеков саясий ой-мүдөөсү менен бөлүштү. Өзүнүн билдирүүсүндө ал адамдардын тагдырынан тартып өлкөнүн өнүгүшү, коңшу жана өнүккөн мамлекеттер менен алака түзүүгө чейин соттук адилеттүүлүктөн көз каранды экенин белгилеген. Абактагы саясатчы, шайлоо системдеринин да ачык өтпөй келгенине токтолгон.

"Отуз жыл бою бийлик алданбагандардын артынан түшүп, куугунтуктап келди. Бүгүн алдоо татаал болуп, кылдаттыкты талап кылып калды. Буга байланыштуу бийлик репрессиялар менен сотту жабык өткөрүүгө басым жасай баштады. Тышкы саясат жана экономика туңгуюкка келип такалды. Бийлик жумушсуздукту, билим берүүдөгү, саламаттыкты сактоо тармагындагы, пенсия берүүдөгү көйгөйлөрдү айткандарды куугунтуктоо менен аны жашырууга аракет кылууда. Эми парламенттик шайлоонун алдында профессионал саясатчыларды гана эмес, жактоочуларды, журналисттерди, блогерлерди, укук коргоочуларды айтор, бийликтин катачылыгын көрүп, билип ойлоно алган жарандарды куугунтуктап баштайт", - деп жазылат анын билдирүүсүндө.

Жээнбеков, репрессиялар эч качан саясий-экономикалык көйгөйлөрдү чечкен эмес, чече да албашын билдирген. Саясатчы көп жылдан бери бийлик кандай гана убадаларды берип келгени менен эл аралык изилдөөлөр, рейтингдер Кыргыз өлкөсү дүйнөгө авторитардык, коррупциялашкан, адилетсиз соту менен белгилүү экенин көрсөтүп жатканын жазган.

"Эми болсо аткаминерлердин мыйзамсыз иштери күч алган аймактарда да басымдар күчөдү, мындай аткаминерлер таптакыр эл алдында уялбайт. Басымга кабылгандарга медиа жана жарандык коом тараптан колдоо жок. Шайлоо алдындагы репрессиялар, кыргыз коомчулугуна карата көп жылдардан берки басым, жакырчылык менен адилетсиздиктин күч алышы көптөгөн аймактар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык чырдын курчушуна алып келүүдө. Кыргыз бизнеси Борбордук Азия масштабында эмес, өзүбүздүн Кыргыз мамлекетинде араңдан араң иш жүргүзүп жатат. Өкмөт бардык эле бизнести коргоп келет, бирок улуттук бизнести эмес.

Капитал менен инвесторлордун сыртка чыгып кетүүсү көбөйдү, бюджеттин көлөмү азайып, насыя берчү тараптардын ишеними төмөндөп жатат. Азыр өлкөдө саясатка аралашпагандар же аны колдогондор эле жакшы жашап калышты. Активдер арзандап, көп тармактар ордунан жылбай, өнүкпөй турат. Адилетсиз сот менен адилетсиз өткөн шайлоолор улуттук кызыкчылыкты коргой албаган алсыз парламентти кайрадан алып келет.

Бүгүн биз авторитардык режимге алдоо жана коркутуу татаал болуп бара жатканын көрүп жатабыз. Бизде манипуляцияга алдырбаган, адилеттүү соттун баасын түшүнгөн Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын жаңы мууну - саясатчылар, журналисттер, укук коргоочулар бар.

Мекендештер, акыйкат сотту талап кылгыла. Бул баарыбызга жана келечегибизге керек. Адилеттүү сот профессионал саясатчыларга, укук коргоочуларга жана журналисттерге гана керек эмес. Адилеттүүлүктөн коңшу жана өнүккөн өлкөлөр менен мамиле түзүү, коомдогу туруктуулук, кыргыздын өнүгүшү да көз каранды", - дейт Равшан Жээнбеков.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча кармалган. Ал учурда 7 берене менен айыпталууда. Анын арасында "барымтага алуу", "массалык баш аламандыкты уюштуруу", "бийликти мыйзамсыз басып алууга аракет жасоо" беренелери бар. Анын бөгөт коюу чарасы 9-апрелге чейин узартылган.

Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча соттук алдын ала угууга келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан