Министрликтер жана мекемелер 1941-1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо жана алардын жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн туруктуу негизде иш алып баруу боюнча милдеттенмелерди алышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бул иштер президенттин "Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө" жарлыгын аткаруу үчүн, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин социалдык абалын жакшыртуу, ошондой эле согуштун ардагерлеринин маселелерин чечүүгө мамлекеттик органдардын көңүл буруусу боюнча чараларды кабыл алуу максатында жасалууда. Министрликтер жана мекемелер ардагерлерге туруктуу негизде социалдык жана финансылык жардам көрсөтүшүп, алардын жашоо шарттарын жакшыртууга аракеттенишет", - деп жазылат маалыматта.