"Жакшылыктарыбызды көрүп, неберелериңизди эркелетсеңиз болмок". Маркум Жаныбек Алыкуловду уулу эскерди
"Шорпо" каймана аты менен таанымал болгон куудул, пародист жана ырчы Жаныбек Алыкулов тирүү болгондо быйыл 60 жашка чыкмак. 3-мартта маркумдун жаркын элесине арналган куудулдардын эскерүү кечеси орун алды.
Күлкү менен коштолгон кечеге маданият, шоу өкүлдөрүнөн тышкары маркум Жаныбек Алыкуловдун классташтары дагы келишти. Алар классташынын эмгегин баалап Жаныбек Алыкулов атындагы стипендия түзүшкөнүн жарыялашты. Тагыраагы, стипендия куудул билим алган Токтогул районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебиндеги спорттук, коомдук жана маданий иш-чаралардын активдүү катышуучуларына жыл сайын берилип турмакчы.
Эскерүү кечесине үй-бүлөсү менен келген куудул Борончу Кудайбергенов Жаныбек Алыкуловдун портретин тарттырып келип, чакан белегин Манас Алыкуловго тапшырды.
Ал эми Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганова"Жаныбек Алыкуловду ушинтип эскерип калабыз деп ойлогон эмесмин" деп чыгармасын аткарды.
Иш-чаранын жыйынтыктоочу бөлүгүндө куудулдун жубайы Азиза Анарбаева жолдошунун күйөрмандарына жандуу үн менен ырдап берип, мактоого татыды.
Көрүүчүлөргө ыраазычылыгын билдирген Манас Алыкулов атасынын көзү өткөндөн кийин кандай жакшылыктар, жетишкендиктер орун алганын лед экран аркылуу элге тааныштырып: "Атам ушул жакшылыктарды көрсө, ширин неберелерин жыттап, эркелетип кетсе болмок. Ата, тирүү болгонуңузда 60ка чыкмаксыз", - деп арман менен эскерди.
Сахнага Жаныбек Алыкуловдун кызы чыгып, инисине ыраазычылыгын билдирди. "Ушунун баарын жалгыз өзүң уюштурдуң, сенден атамды көрүп турам" деди Манас Алыкуловго эжеси.
Манас Алыкулов кечени атасынын "Шорпо" чыгармасын аткаруу менен жыйынтыктады.
Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында орун алды.
Эскерүү кечесине Кыргыз Эл артисттери, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери, Жаныбек Алыкуловдун устаттары, шакирттери жана кесиптештери келишти. Алар: Абидин Темиров, Абдылда Иманкулов, Алтынай Нарбаева, Болот Токтобаев, Борончу Кудайбергенов, Гүлнур Сатылганова, Гүлжигит Сатыбеков, Жамбыл Камчиев, Жакут Сыдыков, Ильяс Агыбай уулу, Келдибек Ниязов, Кубан Алимов, Кубик Калыков,Рахман Разыков жана "Музаман" тобу.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Абидин Темиров.
Куудул Жамбыл Камчиев досу Жаныбек Алыкуловдун тамашаларынан аткарып жаткан учур.
Эскерүү кечесине келген Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева менен Манас Алыкулов дуэт аткарышты.
Обончу жана аткаруучу Болот Токтобаев жубайы менен. Болот Токтобаев Жаныбек Алыкуловдун бажасы.
Куудул, обончу жана аткаруучу Кубик Калыков.
"Музаман" тобунун жигиттери.
Куудул, ырчы Жакут Сыдыков.
"Ата, биздин ийгиликтерди көрсөң болмок" Жаныбек Алыкуловду эскерүү концертинен репортаж