Патрулдук милициянын кызматкерин сүзгөн айдоочу кармалды. Ал окуя болгон жерден качып кеткен

Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери жөө жүргүнчүнү сүзгөн шектүүнү кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-март күнү болжол менен саат 14:00 чамасында белгисиз айдоочу белгисиз унаа менен Чыңгыз Айтматов жана Чүй көчөсүнүн кесилишинен 1980-жылы туулган С.Н. аттуу милициянын кайгуул кызматынын кызматкерин сүзүп алып, андан ары кетип калган.

"Натыйжада 1980-жылы туулган С.Н. Бишкек шаарындагы №4 ооруканага кайрылган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында кайгуул кызматынын издөө бөлүмү изи сууй электе Лексус GX 470 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 1995-жылы туулган О.А. аттуу жаранды кармашкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан