Депутат Субанбеков: "Митингдердин башы жакшы башталып, аягы баш аламандык, тополоң менен бүткөнү мени абдан кейитет"

Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков 2-мартта өткөн митинг тууралуу пикирин билдирди.

"Митинг учурунда Жогорку Кеңештин кызматкерлерин бир топ аялдар тосуп алып жулкулдатышты. Эмне деген мамлекет болуп жатабыз? Мен тынчтык митингин өткөргөнгө каршылыгым жок. Баш мыйзамда жазылгандай, ар бир жаран тынч митинг өткөргөнгө укугу бар. Бирок митингдер мыйзам чегинде тынч өтүшү керек. Митингдердин башы жакшы башталып, аягы баш аламандык, тополоң менен бүткөнү мени абдан кейитет. Мунун баарын үчүнчү күчтөр уюштуруп жатат деп айтышат. Үчүнчү күчтөр кимдер? Алар биздин арабызда жүргөн жарандар. Сырттан каржылык жардам келиши мүмкүн. Бирок сырттан келип, бизди жаман жолго түртө албайт. Өлкөбүздө туруктуулук болбосо, тартип сакталбаса экономикалык өсүү болбойт. Ушундай баш аламандыктын кимге кереги бар? Элге кереги жок. Кээ бирлери жеке максаттарын бийик коюп, баш аламандык уюштургусу келип турат. Ошолорду биздин балдарыбыз ээрчип, курал болуп калганы өкүндүрөт. Ички иштер министринин кызматкерлерин элге душман кылбайлы. Өзүңүздөр билгендей, 2005-жылдан бери кыргыз милициясы эки революцияны башынан өткөрдү. Миңдеген митингдерде элге аралашып мамлекеттин кызыкчылыгын сактап жүрөт. Ошондуктан милиция кызматкерлеринин абалын түшүнүп, колдойлу. 2-мартта таң атканча элдин коопсуздугун милиция кызматкерлери сактап жүрдү. Балдарыбызды тыйып, аларды бирөөлөргө ээрчитпейли. Ынтымактуулукта, биримдикте бололу. Мындай окуядан кийин кайсы туристтер келет? Өлкөгө инвесторлор да келбей калат", - дейт Субанбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан