Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков министрлер парламенттин жыйынына келбегенине нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-мартта парламенттин жыйынында айтты.
"Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.
"Комитеттин чечиминде министрлер өздөрү келсин деп жазылган. Жарым жолдон министрлердин орун басарлары келип жатышат. Бул маселе өткөндө эле катуу талкуу болгон. Алар кайда жүргөнү боюнча кат түрүндө билдирсин. Биз министр кайда жүргөнүн кайдан билебиз?" - деди төрага.
Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов бул маселе эске алына турганын айтты. "Кээ бир министрлер коронавирус боюнча өтүп жаткан чогулушка катышып жатат" дейт ал.
Төрага: "Аны да тактайбыз. Маалымат туура эмес болсо, башкача чара көрөбүз", - деди.