Депутат эң аз жана эң көп пенсия канча экендигин сурады

Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев эң аз жана эң көп пенсия канча экендигин сурады.

"Күзүндө пенсия канча пайызга көтөрүлөт? Эң аз жана эң көп пенсия канча?", - деди депутат.

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Эсен Нурдинов орточо пенсиянын көлөмү 5 580 сом экенин айтты. "Күзүндө пенсия көбөйөт. Канча пайызга көтөрүлө турганын айтуу кыйын. Азыр айткан туура эмес. Жылына пенсия 7-8 пайыз көтөрүлүп жатат. Орточо пенсия 5 580 сом. Эң аз пенсия 1 500 сомдон 2 миң сомду түзөт. Ал эми эң көп пенсия 100 миң сом. 100 миң сомду 1-2 адам алат", - дейт Нурдинов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан