Баткенде мурда сот жообуна тартылган жарандан курал-жарактар алынды

Баткенде мурда эки жолу соттолгон жаран уурулукка шектелип кармалды. Шектүү кармалган учурда жанынан курал-жарактар алынган дешти Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан.

"Мурда эки жолу сот жообуна тартылып, ИИМдин атайын каттоосунда турган, криминалдык чөйрөдө өз орду бар 32 жаштагы С.Н. аттуу жаран кармалды. Ал ушул жылдын 20-февралында 5 баш жылкы уурдап, изделип жаткан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200–берене (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Шектүүнү кармаган учурда жанынан белгисиз маркадагы мылтык, тапанча, бычак жана кара бет кап алынган. Алынган заттарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дейт маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан