Кыргыз өлкөсүнүн паратриатлон боюнча курама командасынын мүчөлөрү жайкы Паралимпиада оюндарына жолдомо алууга рейтингге упай топтоо үчүн Дүйнө Кубогуна катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Дүйнө Кубогу 3-7-март күндөрү Абу-Даби шаарында (ОАЭ) өтөт.
Курама команданын мүчөлөрү:
1. Нурбек Тойчубаев, 1976-жылы төрөлгөн, Эл аралык даражадагы спорт чебери;
2. Жалалдин Абдувалиев, 1993-жылы төрөлгөн, Эл аралык даражадагы спорт чебери;
Башкы машыктыруучу: Андрей Хандеев.
Белгилей кетсек, спортчулар Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттик тарабынан иш сапарга жөнөтүлгөн.