Депутат Экмат Байбакпаев: "Жарандар депутаттарга кагаз түрүндө маселелерин жазып кайрылса болот". КҮНСОБОЛ

2-мартта "Ала-Тоо" аянтында абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митинги өттү. Анда митингдин катышуучулары бийлик өкүлдөрүнүн чыгышын талап кылышкан. Коомчулукта эл алдына бир дагы депутат чыкпаганы сындалып, талкуу жаратууда.

SUPER.KG порталы "Ак Үйдүн жанында эки миңдей жаран жарым күн бою митинг өткөрүп, бийликтен өкүл чыгышын күтүштү. Мындай учурда эл өкүлдөрү болгон депутаттар жарандардын үнүн угуу үчүн чыгышы керек беле?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байбакпаев жарандар депутаттарга кагаз түрүндө маселелерин жазып кайрылса боло турганын айтты.

"Ар бир жаран депутаттарга кагаз жүзүндө маселелерин жазып кайрылышы керек же бул жакка келип маселелерин айтып, кайрылса болот. Ал эми эки күн мурун Жогорку Кеңештин астында өткөн митингдеги болгон көрүнүштөр мыйзамсыз болуп калды", - дейт Байбакпаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан