2-мартта "Ала-Тоо" аянтында абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митинги өттү. Анда митингдин катышуучулары бийлик өкүлдөрүнүн чыгышын талап кылышкан. Коомчулукта эл алдына бир дагы депутат чыкпаганы сындалып, талкуу жаратууда.
SUPER.KG порталы "Ак Үйдүн жанында эки миңдей жаран жарым күн бою митинг өткөрүп, бийликтен өкүл чыгышын күтүштү. Мындай учурда эл өкүлдөрү болгон депутаттар жарандардын үнүн угуу үчүн чыгышы керек беле?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев митингдер коомдук тартипти бузбай өтүшү керек деген пикирде.
"Митинг тууралуу маалымат каражаттарынан окуп жаттым. Бардык нерсе мыйзам чегинде, укуктук талаада өтүшү керек. Ар бир жаран тынчтык митингине чыкканга укугу бар. Ошол эле мезгилде алар дагы коомдук тартипти бузбашы зарыл. 2-март дүйшөмбү күнү комитеттердин жыйыны өтөт, Жогорку Кеңештин жыйыны болбойт. Бул күнү комитеттерде жыйыны бар гана депутаттар келиши мүмкүн. Мен алардын депутаттар чыксын деген талаптарын уккан жокмун", - дейт Карашев.