Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңеште өкмөттүк эмес уюмдар боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору өткөн аптада каралган.
Мыйзам долбоору коммерциялык эмес уюм жыл сайын финансы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчёт берип турууга багытталган. Эгерде өкмөт аныктаган формада отчёт бербесе мыйзам чегинде жоопко тартыла турганы жазылган.
Мыйзам долбооруна 100 депутат "макул", 9 эл өкүлү "каршы" деп добуш беришти.