КҮНСОБОЛ: Ак Үйдүн жанында эки миңдей жаран жарым күн бою митинг өткөрүп, бийликтен өкүл чыгышын күтүштү. Мындай учурда эл өкүлдөрү болгон депутаттар жарандардын үнүн угуу үчүн чыгышы керек беле?

2-мартта "Ала-Тоо" аянтында абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митинги өттү. Анда митингдин катышуучулары бийлик өкүлдөрүнүн чыгышын талап кылышкан. Коомчулукта эл алдына бир дагы депутат чыкпаганы сындалып, талкуу жаратууда.

SUPER.KG порталы "Ак Үйдүн жанында эки миңдей жаран жарым күн бою митинг өткөрүп, бийликтен өкүл чыгышын күтүштү. Мындай учурда эл өкүлдөрү болгон депутаттар жарандардын үнүн угуу үчүн чыгышы керек беле?" деген собол салды.

НЫШАНОВ: "Депутаттар бардык маселени чече албайт"

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов депутаттар бардык маселени чече албай турганын айтты.

"Негизги маселени чече турган адамдар ал жакка барышы керек. Ал жерде абакта отурган адам жөнүндө сөз болуп жаткандан кийин Жогорку Соттун өкүлү чыкса болот эле. Депутаттар соттун ишине аралашпайт. Көпчүлүгү депутаттар чыгышы шарт деп айта беришет. Биз микрофон аркылуу деле көп маселени айтып жатабыз. Бирок айтылган сөздүн 20 пайызы чечилсе чечилет андан ашык чечилбейт. Бир депутат чыкканда эч нерсени чече албайт. Ыйгарым укугу бар, маселени чече турган адамдар чыгып, туура түшүндүрүшү керек болчу", - дейт Нышанов.

БАЙБАКПАЕВ: "Жарандар депутаттарга кагаз түрүндө маселелерин жазып кайрылса болот"

Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байбакпаев жарандар депутаттарга кагаз түрүндө маселелерин жазып кайрылса боло турганын айтты.

"Ар бир жаран депутаттарга кагаз жүзүндө маселелерин жазып кайрылышы керек же бул жакка келип маселелерин айтып, кайрылса болот. Ал эми эки күн мурун Жогорку Кеңештин астында өткөн митингдеги болгон көрүнүштөр мыйзамсыз болуп калды", - дейт Байбакпаев.

ШАКИЕВ: "Эки күн мурун өткөн митингге Ак Үйдөгү тиешелүү кишилер чыгып, ынанымдуу жооп берип коюшканда мынчалык кесепеттер болмок эмес"

Экс-министр Нурланбек Шакиевдин айтымында, эки миң адам болобу, эки адам болобу Кыргыз жарандары кандай гана нааразычылык менен Ак Үй алдына чыкпасын, бийлик тарабынан тийиштүү адамдар чыгып же кабыл алып угууга милдеттүү.

"Өкүнүчтүүсү бийлик элди нааразычылыктын жеткен чегине жеткирип, чыдамын түгөтпөй, маселени ырбатпай алдын ала чечиши зарыл. Антпесе чыдамы кеткен эл такыр айласы кеткенде митингге чыгууга мажбур болушат. Бийлик Садыр Жапаровдун маселесин ушунчалыкка жеткирбей эле мыйзамдын чегинде чечиши керек эле. Тилекке каршы митингге Садыр Жапаровдун жактоочулары эле эмес, башка дагы кызыкчылыктагы адамдар келишкени көрүнүп турбайбы. Андыктан дароо эле Ак Үйдөн тиешелүү кишилер чыгып, ынанымдуу жооп берип коюшканда мынчалык кесепеттер болмок эмес. Эң башкысы кандай гана нааразычылык акциялары болбосун жаңыча маданиятка, коом деңгээлиндеги ыкмаларга үйрөнүшүбүз керек. Аянтка чогулуп алып эле Ак Үйдү карай чуркоону, чабуул коюуну токтотушубуз зарыл. Талаптарды тактап, дааналап коюуну үйрөнүп, бийликти сүйлөшүүгө мажбурлоого өтүү керек. Антпесек дүйнө жүзүнө ар кандай терс мааниде уятка калышыбыз мүмкүн", - дейт Шакиев.

КАРАШЕВ: "2-мартта өткөн митингдин катышуучуларынын депутаттар чыксын деген талаптарын уккан жокмун"

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев митингдер коомдук тартипти бузбай өтүшү керек деген пикирде.

"Митинг тууралуу маалымат каражаттарынан окуп жаттым. Бардык нерсе мыйзам чегинде, укуктук талаада өтүшү керек. Ар бир жаран тынчтык митингине чыкканга укугу бар. Ошол эле мезгилде алар дагы коомдук тартипти бузбашы зарыл. 2-март дүйшөмбү күнү комитеттердин жыйыны өтөт, Жогорку Кеңештин жыйыны болбойт. Бул күнү комитеттерде жыйыны бар гана депутаттар келиши мүмкүн. Мен алардын депутаттар чыксын деген талаптарын уккан жокмун", - дейт Карашев.

МАМАСАЛИЕВ: "Митинг учурунда депутаттар же бийлик өкүлдөрү чыкса ар кандай чагымчылдыктар болмок"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алишер Мамасалиев бул митингдин эки сценарийи болгонун белгиледи.

"Менин көз карышым боюнча, бул митингдин эки сценарийи болгон. Биринчиси, элди чогултуу максатында белгилүү, интеллигент инсан Каныбек Осмоналиевди модератор кылып дайындашты. Ал киши өзүнүн миссиясын аткаргандан кийин аны четке жылдырып, экинчи сценарийге өтүштү. Экинчи сценарийдин максаты бул чагымчылдык жасоо аракеттери болгон. Менин оюмча, эгерде ошол учурда депутаттар же бийлик өкүлдөрү митингге чыкса дагы ар кандай чагымчылдыктар болмок. Алардын коопсузудугун сактоого эч ким кепилдик бере албайт эле", - дейт Мамасалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан