Чүй облусунда 5 жыл мурун оор кылмышы үчүн Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"2015-жылы май айында Жайыл РИИБине аймактык ооруканага 20 жаштагы киши колдуу каза болгон жаран түшкөндүгү тууралуу маалымат келген. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 97-берене (киши өлтүрүү) боюнча катталган. Иликтөөнүн жыйынтыгында кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталган. Ал 1989-жылы туулган М.Ч. аттуу Чүй облусунун тургуну болуп чыккан. ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган шектүүгө издөө жарыяланып, иликтөө иштери улантылган.
2020-жылдын февраль айында анын дареги аныкталып, 3-мартта Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн биринен колго түшүрүлгөн. Учурда ал Жайыл РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланууда", - деп жазылат маалыматта.