Депутат Жогорку Кеңеште айтылган маселелерге көңүл бурулбай жатканын билдирди

Депутат Улугбек Ормонов Жогорку Кеңеште айтылган маселелерге көңүл бурулбай жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-мартта парламенттин жыйынында билдирди.

"Акыркы убактарда Жогорку Кеңеште ар кандай маселелерде айтылган сөздөргө жооптор жок. Боштукка сүйлөп жаткандай болуп жатабыз. Тез чечиле турган маселе айлап, жылдап чечилбей жатат. Ушуга көңүл буруп койсоңуздар.

Бишкекте жашылдандыруу күнү бак тигебиз деп ар бир окуучуга салык салыныптыр. 85 сомдон чогултуп алып келесиңер дептир. Ата-эненин чөнтөгүнө кол салуу башталыптыр. Мындай маселени өкмөт көзөмөлгө алып коюушу керек", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан