Баткен облусунун Сүлүктү шаарында шахтадан өрт чыкты. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок дейт ӨКМнын маалымат кызматынан.
Маалыматка ылайык, 4-мартта Сүлүктү шаарындагы “Узун-Сай” шахтасынан өрт чыккан. Окуя болгон жерге 7 куткаруучу тартылып, өрт толугу менен өчүрүлгөн. Ошондой эле шахтадагы газ чыккан жерге тосмо орнотуп беришкен деп кошумчалады аталган мекемеден.