Бишкекте эки унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталып, эки адам жаракат алды. Жол кырсыгы 4-мартта болжол менен саат 21:05 чамасында орун алганын патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"1998-жылы туулган Ж.К. аттуу айдоочу өзүнүн Хонда Торнео үлгүсүндөгү автоунаасы менен Москва көчөсүнөн батыш тарапка бара жаткан. Ал Логвиненко көчөсүнө жеткенде, Тойота Прадо үлгүсүндөгү автоунаа менен сүзүшкөн. Тойота Прадо унаасы 1979-жылы туулган К.А. аттуу айдоочунун башкаруусунда болгон.
Кырсыктын кесепетинен эки айдоочу тең жаракат алып, "Тез жардам" кызматы тарабынан медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда жол кырсыгы тууралуу териштирүү иштери жүрүп жатат", - дейт маалымат катчы.