Депутат Тиллаев электрондук башкаруу боюнча кайсы министрлик эң жакшы даярдыкта экенин сурады

Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев электрондук башкаруу боюнча кайсы министрлик эң жакшы даярдыкта экенин сурады.

"Жакында эле Коопсуздук кеңеште президент санариптештирүү боюнча бир топ сындарды айтты. Бул багытта өкмөттө эмне иш-чаралар жүрүп жатат? Бүгүнкү күндө электрондук башкаруу боюнча кайсы министрликтер эң жакшы даярдыкта жана кайсы министрлик даяр эмес?" - дейт эл өкүлү.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоевдин айтымында, азыркы убакта бардык мамлекеттик органдар "Түндүк" системине туташкан. "Бирок ал жерде экинчи көрсөтмө электрондук тармакта маалымат алмашуу болуп эсептелет. Алдыңкы министрликтердин бири Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги", - деди Догоев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан