Бүгүн, 5-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн парламентинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдыктардын жүрүшү талкууланды. Мамлекет башчы шайлоо мыйзамдарына ылайык, шайлоонун жүрүшүнүн толук ачык-айкындуулугун, шайлоо кампаниясына бардык саясий партиялардын катышуусун жана аларга бирдей шарттарды түзүүнү камсыздоо зарылдыгын белгиледи.
Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун алдында айрым шаарларда жарандарды массалык каттоо боюнча жакында болгон окуяны эске салып, шайлоо процессинин айрым субъектилеринин мындай кадамдарына тынчсыздануусун билдирди.
Буга карата тиешелүү мамлекеттик органдардын ыкчам реакциясын канааттануу менен белгиледи. БШК ар дайым мындай фактыларга өз убагында жооп берип, ал эми укук коргоо органдары тиешелүү баасын бериши керектигин белгиледи.
Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө бардык даярдык иш-чаралары өлкө мыйзамдарына ылайык өтүп жатканын билдирди.
Саясий партиялардын шайлоо мыйзамдарынын негизги принциптери тууралуу кабардар болуусун жогорулатуу максатында өлкө аймактарында тиешелүү семинарлар өткөрүлгөнүн айтты.
Ошондой эле шайлоо мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана мыйзам бузууларга каршы аракеттерди көрүү маселелери боюнча укук коргоо органдарынын катышуусунда аймактарда жыйындар өткөрүлгөнүн маалымдады.