Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы мыйзамсыз кыйылып кеткен теректер боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Мамэкотехинспекциянын Ысык-Көл, Тоң райондору жана Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары боюнча аймактар аралык башкармалыгынын инспекторлору Ананьево айылындагы мыйзамсыз кыйылып кеткен теректер боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүштү. Тактап айтканда, кыйылган 129 даана теректен жаратылышка келтирилген чыгымдын эсеби чыгарылып, жазма актысы (произвольный) түзүлүп, иш-кагаздар Ысык-Көл РИИБине өткөрүлүп берилди. Келтирилген чыгымдын эсеби 915 миң 295 сомду түзүп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары башталды", - деп жазылат маалыматта.