Көптөн бери унаа уурдап жүргөн деген шек менен 3 жаран кармалды

Көптөн бери унаа уурдап жүргөн деген шек менен 3 адамдан турган топ кармалды. Бул тууралуу Чүй ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Февраль айынын аягында Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 38 жаштагы К.К. аттуу жаран унаасын белгисиз адамдар уурдап кетишкенин айтып кайрылган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Иликтөөнүн жыйынтыгында 17, 19, 20 жаштагы 3 адамдан турган топ кармалган. Белгилүү болгондой, авто уурдап жүргөн топтун артынан ИИМдин жана шаардык милициянын тергөөчүлөрү да түшкөн. Үчөөнүн буга окшогон дагы 8 кылмышка тийиштиги болгондугу аныкталып, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
NURSAPAR
2020-03-06 10:47:17
Жап жаш эле балдар го. Аш десе ашка, иш десе ишке тойбогон. ..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан