Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңеште Кыргыз мамлекети менен Индия биомедицина боюнча илимий-изилдөө иштери жаатында кызматташууга багытталган мыйзам долбоору каралды.
Маалыматка ылайык, бул келишим Кыргыз мамлекети менен Индиянын ортосунда илим, медицина, бийик тоолуу шарттагы көйгөйлөрдү иликтөө жана чечүү жаатындагы кызматташтык мамилелердин андан ары өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. "Келишимдин алкагында адам баласынын бийик тоолуу шартта жашоо мүмкүнчүлүктөрү изилденип, алар боюнча атайын усулдар иштелип чыгат. Бизде изилдөө жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттар бар", - деп жазылат маалыматта.