Экс-элчи Кылычбек Султан: "Бийлик элдин чогулуу эркиндигин чектеп, элге кулдай мамиле кылып жатат". КҮНСОБОЛ

Биринчи Май районунун акимиаты Бишкектин борбордук бөлүгүндө митингдерди өткөрүүгө 1-июлга чейин тыюу салуу боюнча сотко кайрылган. Сот акимиаттын өтүнүчүн канааттандырды. Бул чектөө коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында болуп жатканы жүйөлөрдүн бири катары айтылды. Бирок коомчулукта митингдерге тыюу салуунун максаты башка экени дагы талкууланууда.

SUPER.KG порталы "Бишкектин райондук соту коронавирус жайылат деген жүйөлөрдүн бири менен 1-июлга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салды. Соттун чечими Конституцияга каршы келбейби?" деген собол салды.

Экс-элчи Кылычбек Султан Конституцияга ылайык, эл бийликтин ээси экенин белгиледи.

"Демократиялык деп эсептелген өлкөлөрдө адам укугу, эркиндиги эң башкы орунда турат. Конституциябызга ылайык, бийликтин ээси – эл. Ошондуктан элибиз өзүнө кызмат кылган бийликке өз үнүн жеткирүүгө жана ал үчүн митингдерге чогулууга толук укугу бар.

Соттун митингдерге тыюу салуусу – элди табигый эркиндиктеринен ажыратууга барабар. Мындай чечим Конституцияга гана каршы келбестен, жалпы демократиялык баалуулуктарга да каршы келет.

Мамлекеттик органдар, тескерисинче, элибизге өздөрүнүн демократиялык укуктарын жүзөгө ашырууга жардам бериши, шарт түзүп бериши керек. Ал эми айтылып жаткан коронавирустун жайылуу коркунучу бар болсо, анда мамлекет алгач элдин эркиндигин чектебей турган башка бүт чараларды жасаш керек эле.

Мисалы, эл көп чогулган жайларда элди беткап, антисептикалык каражаттар менен бекер камсыз кылышы керек эле. Ошол эле митингге келгендерди кордобой, тескерисинче коргоо аракеттерин көрүшү керек эле. Тилекке каршы, бийлик элдин ишениминен кетип, жада калса ушул ооруну да өздөрүнүн ыңгайы үчүн колдонууда.

Дагы бир жолу айтам, Конституциябызга ылайык, эл бийликтин ээси. Бийлик элдин чогулуу эркиндигин чектеп, элге кулдай мамиле кылып жатат. Ал эми демократиялык өлкөдө бийлик элдин кулу болуш керек",
- дейт Кылычбек Султан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан