Бишкек шаарындагы 5-кичи районунда күйөөсү аялы менен уулун бычактап, андан соң өзү асынып алган. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-мартта саат 12:00 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө 5-кичи районунда үй-бүлөлүк чырдан улам күйөөсү аялына жана баласына бычак сайгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу көп кабаттуу үйлөрдүн ичинен аялдын жансыз денесин жана ваннадан эркек кишинин асынып алган абалдагы жансыз денесин табышкан. Ал эми 2010-жылы туулган баланы оор абалда "Тез жардам" кызматы №3 балдар ооруканасына жеткиришкен.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.