Америкалык профессионал мушкер Флойд Мейвезер орусиялык UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов жана ирландиялык атактуу мушкер Конор Макгрегор менен мушташууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Мейвезер бул беттеш кооптуу болорун, жанын тобокелге салып жатканын айтып, Хабиб Нурмагомедов менен мушташуу үчүн 600 миллион доллар сураган. Мейвезер ушул эле суммада Конор Макгрегор менен реваншка макул экенин билдирген.
Флойд Мейвезер жана Хабиб Нурмагомедов экөө тең профессионалдык карьерасында бир дагы жолу жеңилүү ызаасын тартып көргөн эмес.