Нарын шаардык базарынан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 6-март күнү Нарын шаардык базарынан чыккан өрт саат 20:33тө толугу менен өчүрүлдү. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок", - деп билдирди аталган министрликтин басма сөз катчысы.