Бишкек шаарындагы 5-кичи районунда үрөй учурган окуядан жабыркаган 9 жаштагы баланын абалы турукташып калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
"Учурда бала эсине келип, өзү дем алып калды. Ошондой эле ал кичинеден суюктук ичип жатат. Абалы туруктуу деп бааланууда", - деп билдиришти министрликтен.
6-мартта 5-кичи районунда үй-бүлөлүк чырдан улам күйөөсү аялына жана баласына бычак сайып, андан соң өзү асынып алган. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу көп кабаттуу үйлөрдүн ичинен аялдын жансыз денесин жана ваннадан эркек кишинин асынып алган абалдагы жансыз денесин табышкан. Ал эми 2010-жылы туулган баланы оор абалда "Тез жардам" кызматы №3 балдар ооруканасына жеткиришкен.