Жалал-Абаддагы 7 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы. Honda Jazz унаасындагылар ачуу басардан келе жатышкан

4-март күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда эки жеңил унаа сүзүшүп, 7 адам каза болуп, 6 адам жабыркаган.

Кырсык болгон күнү Honda Jazz унаасындагы каза болгон жарандар ачуу басардан келе жатышкан. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти

"Аталган унаадагы каза болгондордун бири үйлөнүп, андан соң Шамалды-Сай шаарчасына ачуу басарга барып, ал жактан турмушка чыккан кыздын жеңеси кошулуп, кайра үйлөрүнө келе жатышкан. Алар карама-каршы багыттагы келе жаткан Мерседес-Бенц Вито менен сүзүшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча Мерседес-Бенц Витонун айдоочусу уктап калган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

4-март күнү саат 00:30 чамасында Ноокен районунун Кыпчак-Талаа айылынын тургуну 1971-жылы туулган Т.Ш. өзүнө таандык Honda Jazz унаасы менен Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-Сай шаарчасынан өзүнүн айылына келе жаткан. Карама-каршы тилкеде келе жаткан Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 1976-жылы туулган К.С. өзүнө тиешелүү Мерседес-Бенц-Вито унаасынын рулун башкара албай калып, Honda Jazz унаасынын жолуна чыгып, кагылышып, жол кырсыгына кабылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан