"Аялдардын тилектештик маршында" чагымчылдык кылууга аракет кылган 5 жаран кармалды

Бишкектин Жеңиш паркында өткөн "Аялдардын тилектештик маршында" чагымчылдык кылууга аракет кылган 5 жарандын ким экендиги аныкталып, кармалды. Маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Кармалгандарга карата протокол түзүлдү. Учурда чагымчылдыкка катыштыгы бар делинген мындан башка жарандарды аныктап, кармоо иштери улантылып жатат", - дейт мекеменин маалымат катчысы.

8-мартта өткөн "Аялдардын тилектештик маршына" калпак кийген 20 чакты жаран келип, жөө жүрүшкө чогулган катышуучулар менен ортодо пикир келишпестик жаралган. Аларды милиция кызматкерлери таратышкан.

Бишкектеги феминисттердин жүрүшүндө чагымчыл деп 5 адам кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jaznura
2020-03-09 09:56:42
Ушул сыяктуу гейлер жыл сайын аялдардын майрамын бузмай болду. Буларга чара көрүлөбү?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан