Бишкекте №138 багытындагы жүргүнчү ташыган маршруттук такси менен жеңил унаанын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Автокырсык бүгүн, 9-мартта саат 09:00дө орун алганын патрулдук милициянын маалымат катчысы билдирет.
"Патрис Лумумба көчөсү менен Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчү ташыган Мерседес-Бенц унаасы менен Жигули жеңил унаасы сүзүштү. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жаракат алып, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна кайрылды. Учурда кырсык катталган жерде кайгуул кызматкерлери тергөө иштерин жүргүзүп жатышат", - деп билдирет маалымат катчы.