Бишкек шаарынын Ленин райондук Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 6-мартында УКМКнын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө пара талап кылуу фактысы менен Ленин райондук салык башкармалыгынын бөлүм башчысы Н.Ш. жана инспектору С.Р. кармалды.
Такталган маалымат боюнча шектүүлөр жеке компаниянын бухгалтеринен салыктык текшерүүнүн жыйынтыгын оң тарапка чечип берүү үчүн 25 миң доллар талап кылган. 2020-жылдын февраль айларында салык кызматынын инспектору С.Р. белгиленген сумманын бир бөлүгү 5 миң доллар акча каражатын алган. Ал эми 6-мартта аталган салык кызматынын башчысынын жана инспекторунун кызматтык кабинеттерин тинтүүнүн жүрүшүндө жеке компаниянын салык боюнча текшерүүгө көрсөтүлгөн документтери табылып алынды.
Учурда бул иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Кармалган адамдар УКМК тергөө камак жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.