Бишкектеги "Космо Парк" соода борборунун босогосуна жеңил унаа кирип кетти

Бишкектеги "Космо Парк" соода борборунун босогосуна жеңил унаа кирип кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-март күнү болжол менен саат 06:40 чамасында 1993-жыл туулган Н.Т. аттуу айдоочу өзүнүн Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаасы менен Юнусалиев көчөсү менен түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, унааны башкара албай "Космо Парк" соода борборунун алдындагы тосмосун, отургучтарды жана бакты сүзүп токтогон.

Унаа айып токтоочу жайга токтотулуп, кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда, жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2020-03-09 12:32:07
Олуп кетчудой айдашат
0
Migrant-rf
2020-03-10 03:54:30
"Бакты сүзүп токтогон" дейт, бактар аркада калып кетиптирго, ал Шумахердин формула-1 и тепкичтердин үстүндө жүрөт!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан