Чүй облусунда 72 жаштагы улгайган аялдын өлүмүнө шектелип эки жаран кармалды

Чүй облусунда 72 жаштагы улгайган аялдын өлүмүнө шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-март күнү саат 13:30 чамасында Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Дмитриевка айылындагы үйлөрдүн биринде кишинин жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө кабар келип түшкөн. Ысык-Ата РИИБинин тергөө тобу окуя болгон жерге барып, Дмитриевка айылындагы үйлөрдүн биринен 72 жаштагы С.Г. аттуу жаран киши колдуу каза болгонун аныкташкан.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөө кызматы тарабынан зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Кылмышка шектүүлөрдү издөө иштеринде шектүү катары 37 жаштагы У.В. жана 34 жаштагы Г.Л. кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Азыркы учурда эки шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан