8-мартта Бишкектин "Жеңиш" аянтында "Аялдардын тилектештик маршы" өтүп, ага калпак кийген 20 чакты жаран келип, жөө жүрүшкө чогулган катышуучулар менен пикир келишпестик жаралган. Аларды милиция кызматкерлери кармап кетишкен болчу.
Бүгүн, 9-мартта Свердлов РИИБи маршта кармалган катышуучулардын кээ бирине айып салынганын билдирди.
"Марш башталардын алдында катышуучулар менен өзүнчө бир топтун ортосунда пикир келишпестик орун алган. Мындан улам милиция кызматкерлери тезинен чара көрүп, шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоо ишин баштаган. Кармалгандар 1997-жылы туулган К.А., 1984-жылы туулган А.М., 1998-жылы туулган А.Г., 1984-жылы туулган К.А., 1986-жылы туулган Т.Г., 1973-жылы туулган С.М., 1982-жылы туулган С.М. Ал эми коомдук эрежени бузгандыгы үчүн 5 жаранга карата протокол түзүлүп, айып салынды. Алар 1979-жылы туулган К.З., 1999-жылы туулган Ш.Э., 1998-жылы туулган М.А.,1993-жылы туулган К.Б. жана 1963-жылы туулган Д.К.", - деп жазылат маалыматта.