КҮНСОБОЛ: 8-мартта болуп өткөн жөө жүрүштө аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы чыккан активисттер кармалышты. Милиция активисттерди эмес, чагымчылдарды кармашы керек беле? Депутат Махабат Мавлянова: "Акцияга катышкандардын өздөрүн "чагымчылдар" деп атагым келет"

Кечээ, 8-мартта борбор калаадагы "Жеңиш" аянтында "Феминалле" жана "8/365" деп аталган коомдук кыймылдар тарабынан аялдардын укугун коргоо үчүн “Аялдардын тилектештик жүрүшү” өтө турган болгон. Белгиленген жайга плакаттарын көтөрүп кыз-келиндер топтоло баштаган кезде аларды көздөй бет кап тагынып, калпак кийген 20 чакты эркек киши келген. Алар плакаттарды тартып алышып, өтө турган жүрүштүн катышуучуларын таратуу аракетин көрүштү. Феминисттер менен бет капчандардын ортосунда чыр чыкканда милиция жүрүшкө чыккан активисттерди кармашты.

Милиция эки тараптан тең адамдар кармалды деген маалыматты таратканы менен анын күбөлөрү бет капчан тарапка милиция тийишкен жок деп айтып жатышат. Шаардык милиция бул күнү чагымчылдык аракетти көрдү деген шек менен 5 киши кармалганын билдирди. Свердлов РИИБи жүрүшкө чыккандардын кармалышынын себебин - алар мэрия жана укук коргоо органдары менен макулдашышкан эмес деп түшүндүрдү. Мындан улам жүрүш башталбай жатып аяктады.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "8-мартта болуп өткөн жөө жүрүштө аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы чыккан активисттер кармалышты. Милиция кызматкерлери активисттерди эмес, чагымчылдарды кармашы керек беле?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова бул сыяктуу акциялардын баарын улутту жок кылууга багытталган аракеттер катары баалай турганын айтты.

"Бул боюнча интернет булактары аркылуу билип жаттык. Негизи эле аял укугун коргоону бетке жамынып, "жатыным меники", "төрөбөйм", "чай куйбайм" деген сөздөр улуттук нарк-насилдерге таасир берет. Булардын баарын улутту жок кылууга багытталган аракеттер катары баалайм. Мындай лозунгдарды көтөргөндөрдүн өзүн "чагымчылдар" деп атагым келет. Биздин эл кылымдардан кылымга жазылбаган, оозеки каада-салт, нарк-насил менен эле башкарылып келген.

Баарынан дагы акцияга чыккандарды түшүнүп, акылым жетпей турат. Эгер алар чай куйбаса, эмне чайды чоң атасы куябы? Бул улутту жок кылуу аракеттери. Ал гана эмес бул тууралуу мыйзамдарды жазып чыгышыбыз керек. Бир эле мыйзам менен чектелип калбастан, аларга айып пул дагы төлөтүшүбүз керек. Аталган акциянын катышуучулары "Жеңиш" аянтына чыкканынын өзү эң туура эмес кадам болду. Элди чогултуу, майрамдоо дегендерге тыюу салынса дагы, алардын топтолуп алганы бул - ээнбаштык", - деди Мавлянова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан