"Министрдин кызынын махабаты" тасмасы аркылуу коомчулукка таанылган, учурда вайнер катары ишмердүүлүгүн улантып келаткан актёр Нурбек Юлдашев тарыхый тасмага тартылууда. Жаңы ролу тууралуу ал SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Лейлекте Самат Садыков деген Советтер Союзунун баатыры болгон. Ал Ата Мекендик согушка барып кайтпай калган экен. Быйыл 9-Май Жеңиш майрамында анын 100 жылдыгынын урматына тарыхый документалдык тасма тартылууда. Ага Алим Токторов режиссёрлук кылып жатат. Мен Лейлекке барып Самат Садыковдун аскерге чейинки эпизоддоруна тартылып келдим. Эми согуш маалындагы окуяларды Бишкектен тартабыз", - дейт Нурбек.