Кыргызстандык теннисчи Данияр Дулдаев Түркияда өткөн эл аралык мелдеште жеңүүчү болду. Жуптук беттеште зимбабвелик Марк Финн менен биргеликте ойноп, атаандаштарын багынтты. Алар финалдык таймашта франциялык Мелик Фелер жана перулук Александр Меринону 4:6, 6:4, 10:6 эсебинде утушканы белгилүү болду.