Кечээ, 8-мартта борбор калаадагы "Жеңиш" аянтында "Феминалле" жана "8/365" деп аталган коомдук кыймылдар тарабынан аялдардын укугун коргоо үчүн “Аялдардын тилектештик жүрүшү” өтө турган болгон. Белгиленген жайга плакаттарын көтөрүп кыз-келиндер топтоло баштаган кезде аларды көздөй бет кап тагынып, калпак кийген 20 чакты эркек киши келген. Алар плакаттарды тартып алышып, өтө турган жүрүштүн катышуучуларын таратуу аракетин көрүштү. Феминисттер менен бет капчандардын ортосунда чыр чыкканда милиция жүрүшкө чыккан активисттерди кармашты.
Милиция эки тараптан тең адамдар кармалды деген маалыматты таратканы менен анын күбөлөрү бет капчан тарапка милиция тийишкен жок деп айтып жатышат. Шаардык милиция бул күнү чагымчылдык аракетти көрдү деген шек менен 5 киши кармалганын билдирди. Свердлов РИИБи жүрүшкө чыккандардын кармалышынын себебин - алар мэрия жана укук коргоо органдары менен макулдашышкан эмес деп түшүндүрдү. Мындан улам жүрүш башталбай жатып аяктады.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "8-мартта болуп өткөн жөө жүрүштө аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы чыккан активисттер кармалышты. Милиция кызматкерлери активисттерди эмес, чагымчылдарды кармашы керек беле?" деген собол салды.
Укук коргоочу Рита Карасартова коопсуздукту камсыз кыла турган орган бул жолго барбашы керек эле деген пикирде.
"Негизи мыйзам боюнча милиция кызматкерлери эки тарапты эки жакка бөлүп коюшу керек болчу. Биринчи тарап дагы, экинчи тарап дагы өздөрүнө тиешелүү талаптарды айта берсе, туура болмок. Алар тараптардын арасында ур-тепки болбошун алдын алыш керек эле. Тилекке каршы, алар атайын күтүп турушту. Мен милициянын кадамдарын видеодон көрдүм. Өзүм акцияга бир аз кеч барып калдым.
Видеодон карасам балдар ачыктан ачык келип аялдарды сабап, плакаттарын айрып жөн эле басып кетишиптир. Милициялар унаада баарын көрүп, билип эле турду. Алар качан гана кыздарды сабап кеткенден кийин унаадан чыгып, акцияга катышкандарды кармап кетишти. Бул жерде милиция кызматкерлери ким менен кандай саясат жүргүзүп жатканын ачык көрсөтүп койду. Биздин коопсуздукту камсыз кыла турган орган бул жолго барбашы керек эле", - деп билдирди Рита Карасартова.