Унаанын терезесин талкалап, ичиндеги тоо лыжасын уурдап кеткен деген шек менен 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
"2020-жылдын 8-мартынды 1983-жылы туулган Д.М. аттуу жаран Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматына белгисиз ууруларга чара көрүү тууралуу арыз менен кайрылган. Анда белгисиз адам 7-март күнү болжол менен саат 23:05 чамасында арыз ээсинин короосунда токтоп турган Тойота Камри автоунаасынын алдыңкы терезесин сындырып, баасы 23 миң 500 сом болгон “Атомик” тоо лыжасын уурдап кеткен. Көрүлгөн ыкчам издөөнүн натыйжасында 1993-жылы туулган Т.Т. кармалып, Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 200-берененин негизинде (уурдоо) сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп жазылат маалыматта.